ЭЛДИК КАБАР: "Айыл жериндеги улгайган адамдар банктын кызматынан көп пайдаланат, Ноокаттагы банктар муну эске алып кезек күтүү көйгөйүн жойсо" дейт окурман

Ош облусундагы Ноокат районунда банкта кезек күтүү көйгөйү барган сайын күчөп жатат. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.

Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, айылдагы улгайган адамдардын көбү банктын кызматынан пайдаланат.

"Улуу жаштагы энелердин, аталардын сааттап кезек күткөнүн көрүп кейийсиң. Райондогу негизги делген бул банкта 3 касса турат, бирок бирөө эле иштейт. Капыстан эле "башка кассалар иштейби?" "тейлөө жакшы эмес" деген оюңду айтсаң, андагы кызматкерлердин жемесине каласың. Анысы аз келгенсип мен банкка келген күнү түштөнүү башталды деп саат 11:40та эле эшигин жаап алышты", - деп жазды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
momun74
2018-05-15 12:49:36
ушуну жойсо жакшы болмок кезек кутуп кеч кирип кетет
+2
voennyi88
2018-05-15 12:52:30
Андай койгой Кыргызстандын баардык аймактарында болуп жатат.Штатына озгортуу киргизип тейлоонун сапатын жогорулатышса кардарларына абдан ынгайлуу болмок.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан