Өкмөт: Премьер-министрдин А.Батукаевдин бошотулушуна тийиштүүлүгү тууралуу акыйкатчынын билдирүүсү негизсиз
Кечээ, 21-июнда акыйкатчы Турсунбек Акун маалымат жыйын өткөрүп, премьер-министр
Жантөрө Сатыбалдиевдин “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин камактан бошотулушуна
тиешеси бар экендигин билдирген. Жооп катары өкмөттүн басма сөз кызматы “аталган
билдирүү чындыкка жатпайт, бардык айыптоолор негизсиз, фактылар менен
далилденген эмес” деп расмий түрдө билдирди. “Буга байланыштуу акыйкатчынын
ачык кечирим суроосун же документалдуу түрдө өз сөзүн тастыктоосун талап
кылабыз. Ал эми каршы чыккан учурда премьер-министр өз конституциялык укугунан
колдонуп, Т.Акунду сотко берүү менен өз ишкерлик аброюн жана таза атын
коргойт”,- деп жазылат расмий билдирүүдө. Эске салсак, премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин
тапшырмасы менен А.Батукаевдин бошотулуш фактысы боюнча вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев башында турган иштиктүү топ түзүлгөн. Учурда комиссия өз ишин
жыйынтыктоодо жана жакынкы арада анын жыйынтыгы жарыяланмакчы.