Ош шаарында 23 жаштагы жигит үйүндө асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 13-майда болжол менен саат 16:30дар чамасында болгон.
"Ош шаарынын Озгур айылынын тургуну 23 жаштагы К.А. өзүнүн курулушу аяктай элек үйүнүн ичине асынып алган. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон жигит бир күн мурун Жалал-Абад шаарына тойго барып келген. Ал эми аталган айылда апасы жана бир туугандары менен жашаган. Атасы каза болуп калган. Окуя болгон учурда апасы жана туугандары үйүндө болгон эмес. Тактоо иштеринин негизинде каза болгон жигит эч жерде окубаганы жана иштебегени аныкталган. Анын жакындары медициналык экспертизадан баш тартып, доо арыздары жок экенин билдиришти", - дейт маалымат катчы.