Бишкекте скутер аялды сүзүп, аны "Тез жардам" кызматы алып кетти. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жол кырсыгы бүгүн, 15-майда саат 11:30дар чамасында Чыгыш кичи районундагы Чүй кең көчөсүндө катталган. Анда жолдон өтүп бара жаткан аялды скутер сүзүп кеткен. Жаракат алган аялды "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, скутер болсо айып аянтчасына токтотулду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.