Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 25 жаштагы жигит кулап, ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 14-майда катталган.
"Ош шаарынын Гагарин көчөсүндө курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн 8-кабатынан Жапалак айылынын тургуну М.К. кулап каза болгон.Окуя болжол менен саат 12:00 чамасында болгон. Маркум ал жерде куруучу болуп иштеген", - деп билдирди басма сөз кызматы.