Кечээ, 21-июнда Майлы-Суу шаардык кеңешинде бир айга созулган сүйлөшүүлөр соңуна чыгып, кыйынчылык менен көпчүлүк коалиция түзүлдү. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Коалициянын курамына “Өнүгүү” (6 депутат), КСДП (5 депутат), “Замандаш” (4 депутат), “Ата Мекен” (3 депутат) партияларынан 18 депутат кирип, “Биримдик” деп аталды. Ал эми 13 депутаттан турган “Ата Журт” фракциясы коалицияга кирген жок жана сессияга катышпады. Ошол эле күнү “Биримдик” коалициясынын 1-сессиясы өтүп, “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Шатманов Кеңеш Турдуматович төрагалыкка дайындалды. Ага жалпы депутаттын 17си колдоп, бирөөсү каршы добушун берген. “Эми коалициянын кийинки сессиясында Майлы-Суу шаарынын мэрин шайлоо маселеси каралат. Ал үчүн сессияга 21ден кем эмес депутат катышуусу шарт. Аны кантип камсыздашат, азырынча белгисиз. Ал эми мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу Максат Өскөнбаев шаар маселесин чечүү боюнча иш алып барууда. Учурда шаардын жолдорунун баары оңдолду. Өндүрүш тармагындагы продукцияларды өндүрүү жана салык чогултуу боюнча шаар планын толтурду”, - деп билдирет басма сөз кызматы.