Кара-Суу районундагы "Кызыл-Суу" чайханасы толугу менен күйүп кеткен

15-май күнү кечинде Кара-Суу районундагы Фуркат айылында өрт кырсыгы катталып, "Кызыл-Суу" чайханасы толугу менен күйүп кеткен.

ӨКМнын басма сөз кызматынын өкүлү Майя Шаимкулованын айтымында, тилсиз жоо кечки саат 21:00 чамасында катталган.

"Кырсык тууралуу маалымат 15-майда кечки саат 21:00 чамасында келип түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 5 унаа тартылып, өрт саат 22:58де өчүрүлгөн. Натыйжада "Кызыл-Суу" чайханасы толук бойдон күйүп, коңшу жайгашкан турак үйдүн 136 чарчы метр аянты күйгөн", - деп маалымдады.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар жок.

Оштогу өрт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан