Баткен облусунда акыркы 4 ай ичинде 209 кылмыш иши катталып, 171 кылмыштын бети ачылган. Бул тууралуу маалымат жыйында Баткен ОИИБинин жетекчиси билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБинде 4 ай ичинде 209 кылмыш иши катталып, 171 кылмыштын бети ачылган. Оор кылмыштардан жетөө катталып, бешөөнүн бети ачылган. Мал уурулук фактылары боюнча 26 кылмыш катталып, 22синин бети ачылып, кармалган мал өз ээлерине кайтарылып берилген. Ал эми издөөдө жүргөн 136 жарандын отузу кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан. Кылмыш жасап Орусия Федерациясына кылмыш изин жашырып качып кеткен 11 жаран эки өлкөнүн биргеликте иш алып баруусунун натыйжасында кармалып, Кыргыз өлкөсүнө алынып келинип, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
"Коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө максатында Баткен ОИИБинин ички иликтөө тобунун кызматкерлери жана ардагерлер кеңешинин төрагалары жер-жерлердеги кызмат өтөп жаткан ИИОнун кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүшүүдө. Мындан сырткары жол коопсуздук кыймылынын кызматкерлери "Коррупцияга жол жок" аталышындагы буклеттерди чыгарып, коомчулукка таркатышты. Жыл башынан бери жалпысынан 7 миң 282 жаран өздөрүнүн арыз-даттануулары менен кайрылышкан. Келип катталган арыз-даттанууларга милиция кызматкерлери өз учурунда чараларды көрүшөт. Мындан сырткары Баткен, Лейлек РИИБи жана Кызыл-Кыя ШИИБинде атайын көчмө кабылдама бар. Бул унаа менен тоолуу, алыс жактарга же болбосо эл көп топтолгон жайларга коомчулукка жеңилдик болуш үчүн аймактык тескөөчүлөр жетекчиликтер менен биргеликте барып, коомчулуктун арыздарын кабыл алышат", - деп билдирет басма сөз кызматы.