Жалал-Абад. Шаардагы "Курманбек" стадионунда акталган 3 депутат эл менен жолугушуу өткөрдү
Бүгүн, 22-июнда "Ата Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда облус эли менен жолугушуу өткөрдү. Саат 18:00гө белгиленген жолугушуу алгач эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа менен башталды. Андан соң акталган депутаттар келип, калк катуу колдоо менен тосуп алды. Жолугушууга атайын алыскы Аксы, Чаткал райондорунан келгендер болуп, андагы элдин жалпы саны 12 000ге жакындады. Жолугушууда кубанычын жашырбаган Ташиев "Ушуга чейин элиме кызмат кылып келгенмин жана өмүр бою элим үчүн кызмат кылып, күрөшө беремин!" деген сөзүн айтты. Садыр Жапаров жана Талант Мамытов да өз кезегинде "Кумтөр" маселесине токтолушуп, анын эл үчүн иштөөсүнө калктын колдоосу зарыл экенин белгилеп өтүштү. Иш-чара атайын фейерверктердин атылуусу менен саат 21:30дарда аяктады. Кошумчалай кетчү жагдай, "ата журтчу" депутаттар эртең, 23-июнь күнү Ош облусунун эли менен жолугушуу өткөрсө, 24-июнда Баткен облусундагы калк менен жолугушмакчы.