Кызарт ашуусунда 17 жүргүнчү менен бара жаткан кичи автобус оодарылып, сууга түшүп кетти

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт ашуусунда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус оодарылып кетип 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Калыс Өмүрзаков билдирди.

Анын айтусуна караганда, унаа Жумгалдын Өрнөк айылынан Бишкекти көздөй келе жаткан. Анда 17 жүргүнчү болгон.

"Жол кырсыгы 15-май күнү саат 23:00 чамасында болгон. Анда кичи автобус жолдон чыгып кетип 20 метр аралыкка оодарылып, 3 жарым метр коктуга кирип барып агып жаткан сууга оң капталы менен туруп калган. Натыйжада 7 адам жаракат алган, алардын бири 5 жаштагы бала. 4 адам Жумгал аймактык ооруканасына, калган үчөө Бишкек шаардык №4-ооруканага жаткырылган", - дейт маалымат катчы.

Ал белгилегендей, учурда окуя боюнча тиешелүү кызматкерлер иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ruslan4458
2018-05-16 15:41:25
Кудай сактаптыр оруканадыгылар батрак айыгып кетсын
+13
adiaza
2018-05-16 15:43:11
Ушу спринтер айдагандар аябай катуу айдашат, авариянын кобу да ушулардын айынан болот встречкага чыгып айдашат дейсин аркасынан бироо кубалап келаткансып
+6
asha302
2018-05-16 16:26:58
Артынан жоо кубалап келаткансып айдашат дейсин маршрутниктер
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан