"Орто-Сай" базарынан жарылуучу зат табылган жок

Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарынан жарылуучу зат табылган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын билдирүүсүнө караганда учурда базар кадимкидей иштеп жатат.

"Ал жерге ИИМдин жана биздин кызматкерлер барып, "Орто-Сай" базарынын аймагы курчоого алынган. Издөө иштеринин жыйынтыгында жарылуучу зат же башка шектүү буюмдар табылган жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары бомба тууралуу кабарлаган белгисиз адамды ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатканын да кабарлашты.

Айта кетсек, бүгүн, 16-майда саат 12:30дар чамасында Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында жарылуучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн УКМКдан кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан