Кечээ, 22-июнда президент Алмазбек Атамбаев 18-июнда башталган Түркияда болгон иш сапары аяктап, Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Эске салсак, Атамбаев Анкарада Түркиянын президентинин чакыруусу менен болду. Иш сапардын жүрүшүндө өлкө башчы түрк элинин башчысы Абдулла Гүл жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү тууралуу пикир алышты. Муну менен катар Атамбаев дарыгерлердин кеңеши менен “Гүлхан” Аскердик медициналык академиянын медициналык текшерүүсүнөн өттү.