Сокулукта турак үй өрттөнүп, 2 адам каза болду

Сокулук районунда турак үй өрттөнүп, 2 адам каза болуп, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы кечээ, 16-майда катталган.

Сокулук районундагы Саз айылынын Түк-Баш көчөсүндө турак үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрттүн кесепетинен эки адам каза болуп, 1971-жылы туулган С.И. аттуу жаран жабыркаган. Каза болгон адамдардын бири 46 жаштагы М.Т., ал эми экинчи каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда. Учурда тийиштүү органдар өрттүн келип чыгуу себебин тактоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан