Кара-Көлдөгү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имараты өрттөнүп кетти

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имараты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-майда саат 23:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында жайгашкан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имаратынан өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, түнкү саат 12де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен имараттын чатыры жана 3 бөлмөсү күйгөн.

Ошондой эле ӨКМнын маалыматында өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам келип чыкканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан