"Бозумчак" алтын кенинде калдык таштоочу жай курулууда

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы "Бозумчак" алтын кенинин кожоюндары коопсуздук үчүн кен иштетүүдөн чыккан калдыктарды таштоочуу орун даярдап жатышат. Бул тууралуу аталган жайды куруп жаткан "Казахмыс голд Кыргызстан" ишканасынын башкы директору Ильяс Түлекеев билдирди. Айтымында, таштанды таштоочу жайга калдыктарды кургатып, 14 пайыз нымдуулукта ташташат. Башка кен иштетүүчү фабрикалардан чыккан калдыктар суюктук түрүндө ташталат. "Бул уникалдуу ыкма Кыргызстанда алгачкы ирет колдонулуп жатат. Калдыктарды кургатып, атайын жайга таштоо бизге кымбатка турат. Бирок биз экологияга зыян алып келчү жактарды кыскартууга аракет кылуудабыз",- деди башкы директор. Калдыктарды таштоочу жай 2014-жылдын биринчи жарымында толук курулуп бүтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан