Баткенде 57 миң долларымды уурдаттым деп милицияга жалган маалымат менен кайрылган тургунду сот бир жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 33 жаштагы Кадамжай районунун Сырт айылынын тургуну өзүнө тийиштүү унаасынын ичинен 57 миң доллар 870 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун уурдатып жибердим деп милицияга арыз менен кайрылган.
Окуя 2015-жылдын июль айынын башында Кадамжай районунун "Торговый" базарында катталганын арыз ээси М.Ш. билдирген. Ири суммадагы акчанын уурдалышы боюнча Кадамжай РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган. Алынган маалыматтарга талдоо жүргүзүүнүн жана ыкчам териштирүү иштеринин натыйжасында бул факт жалган болгону ачыкталган. Тергөө иштеринин негизинде М.Ш. жалган билдирүү айткандыгын моюнга алып, анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренеси (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен кылмыш иши козголгон. Териштирүүнүн жыйынтыгында Кадамжай райондук соту М.Ш.ны шарттуу түрдө 1 жылга эркинен ажыратты", - деп билдирет басма сөз катчы.