Бүгүн, 16-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө жоопкер тарап Матраимовго ооруп жатканына байланыштуу "жумушка жарамсыз" деп маалым кат берген Бишкек шаарындагы 1-бейтапкананын өкүлдөрүн чакыруу боюнча өтүнүч келтирип, аны сот канааттандырган жок. Бирок жоопкер тарап соттун чечимине нааразы болуп, жогорку инстанцияга арызданышарын билдиришти. Буга байланыштуу соттук отурум 28-май күнү саат 16:30да улана турган болду.