Кытайда жүк ташыган унаа менен автобус кагышып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 17-майда Кытайдын түндүк-чыгышында жайгашкан Цзилинь провинциясында катталган. Анын кесепетинен 7 адам каза болуп, дагы 6 адам оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Учурда жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалып, кырсыктын себептери иликтенүүдө.