Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кумар оюндарын ойноткон жашыруун жай табылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын операциянын натыйжасында табылган имаратта мыйзамсыз ишмердүүлүк үчүн керектүү оюн автоматтары, 1 даана рулетка, 12 покер столу, фишкалар, андан сырткары кумар оюндарында колдонула турган бир топ буюмдар табылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинин 1-бөлүмүнүн (тыюу салынган кумар оюндарын уюштуруу жана ойнотуу) негизинде кылмыш иши козголду.
Белгилей кетсек, 2012-жылдан тарта өлкө аймагында кумарканалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.