Бишкектеги "Beta Stores 2" соода борборунун 3 кызматкери журналисттерге кол салышты деп камакка алынып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя 16-майда "Beta Stores 2" соода борборунда орун алган.
"Апрель" телеканалынын оператору аларга жумуш учурунда "Beta Stores 2" соода борборунун кызматкерлери кол салып, камерасын колунан жулуп алып, флешкасын алып коюшканын айтып арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча 167-берене (тоноо) жана 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, 3 адам кармалып, камакка алынды. Алар 20 жаштагы С.А. жана Д.А. аттуу эки адам жана 23 жаштагы С.Д. аттуу Түркиянын жараны", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.