КҮНСЕРЕП: Жогорку Кеңеш экс-президентти кол тийбестигинен ажыратууга киришти

Бүгүн, 17-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек ЖЭБин жаӊылоого байланыштуу келип чыккан күмөндүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун кароону Жогорку Кеңеш үчүнчү күн менен жыйынтыктады. Бул рекордго тете болду. Эл өкүлдөрү өздөрү да белгилегендей, кыргыз парламентинин тарыхында кайсы бир маселенин талкуусу биринчи жолу үч күн каралды. Эске салсак, өткөн аптада башталган бул маселе кечээ да каралып бүтпөй калган эле.

Депутаттык комиссиянын корутундусуна келсек, Жогорку Кеңеш токтомдун долбоорун 103 депутаттын колдоосу менен жактырды. Ал эми 1 депутат, тагыраагы, Осмонбек Артыкбаев каршы деп добуш берди. Аталган эл өкүлү насыялык келишимди парламентте ратификациядан өткөрүү учурунда энергетика министри болуп турганы белгилүү.

Бүгүн депутаттар тарабынан кандай жагдайларга басым жасалды?

Эски ЖЭБ менен жаңы ЖЭБдин тартышы. Бул тартыш өндүрүш кырсыгы орун алган 26-январда эле башталып, экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта маалымат жыйында айткан сөзүнөн кийин ого бетер курчуган. Анда Атамбаев ЖЭБ авариясындагы жоопкерчилик Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүндө деген эле. "Чындыкты айтууга мезгил келди окшойт. Сапар Исаков премьерлик креслого 28-августта отурду, бул убакта кышка даярдык көрүү бүтүп калган. Бардык өлкөдө кышка даярдык сентябрга чейин бүтөт. 2017-2018-жылкы кыш мезгилине даярдыкты Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү жүргүзгөн", - деп айткан болчу Атамбаев. Сапар Исаковдун 11-майда тараткан билдирүүсү да ушул багытта уланган. “Быйыл январда болгон өндүрүштүк кырсык үчүн ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулунан тартып Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаков да жооп бериши керек деп эсептейм. Анткени 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдануу иши жүргүзүлгөн учурдагы бардык деңгээлдеги жетекчилер жооптуу”, - деп чыккан Сапар Исаков.

Бирок бүгүнкү талкууда депутат Акылбек Жапаров ЖЭБ чуусуна президент Сооронбай Жээнбековду аралаштырбоого чакырды. Андан ары эл өкүлдөрү Сапар Исаковдун “эски ЖЭБ, жаңы ЖЭБ” деп айткан сөзүнө улам кайрылып суроо беришти. Өндүрүштүк кырсык ЖЭБдин жаңыланбаган бөлүгүнөн чыкканын кайталаган Сапар Исаковду “анда эмне үчүн ЖЭБ толугу менен жаңыланган эмес?” деген собол менен жарга такашты. Жыйынтыгында депутаттар Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы гана жаңылоодон өткөнүнө байланыштуу макулдашууну Жогорку Кеңешке алып келген өкмөт башынан эле чындыкты айтуу керектигин билдиришти. ЖЭБдин директору ЖЭБдин кубаттуулугу жаңылоого чейин 666 мегаватт болгонун жана жаңылоодон кийин 812 мегаватт болуп калганын айтты.

Кышка даярдык боюнча Сапар Исаков өкмөттүк комиссиянын 4 жыйыны өткөнүн, бирок ошол жыйындардын жүрүшүндө Бишкек ЖЭБинен да, “Электр станциялары” ишканасынан да көйгөй бар экендиги айтылбаганын билдирди. Сапар Исаков “корутундуга бардык фамилиялар кошулушу керек” деп көшөргөнүнө карабай, депутаттар “өндүрүштүк кырсык январда болду, а сиз премьерликке августта келдиңиз, ошол кырсыктын алдын алууга 5 айыңыз бар болчу” деп зекишти. Ошол эле учурда Сапар Исаковго чейинки өкмөттү башкарган Сооронбай Жээнбековдун да жоопкерчилиги болушу мүмкүн экендигине эл өкүлдөрү шек да келтиришкен жок.

Кытайга “крыша” болгон ким? Депутат Алтынбек Жунус уулу өкмөт башчылыктан кеткен Сапар Исаковго карата “Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча чечимди сиз кабыл алгансыз. Ошол үчүн да кытайлар сизге киришчү” деди. Ага Исаков “мен кытайларга “крыша” болгонумду биринчи далилдеңиз, куру доомат койбоңуз” деп ачууланды.

Андан ары депутат Осмонбек Артыкбаевдин дагы бир сөзү өзүн бул чуудан алып качууга аракеттей болду. Ал ЖЭБди жаңылоо боюнча чечимди аткаргандар эмес, башка адамдар кабыл алганын айтты. “Министрликтер Сапар Исаковдун тапшырмасын аткарышкан", - деди Артыкбаев.

Кытайга “крыша” болгонду, башкы чечимди кабыл алуучуну издөө сыяктуу депутаттардын суроолорунун көбү насыянын рационалдуу пайдалануусу, дегеле бул насыянын тегерегинде коррупция бар же жогуна байланыштуу болду. Анткен менен ЖЭБ боюнча эл аралык аудит жүргүзүү боюнча сунуш Жогорку Кеңештен колдоо тапкан жок. Буга байланыштуу Сапар Исаков “Бишкек ЖЭБинин жаңылоосуна жумшалган реалдуу чыгымды көргүбүз келсе, эгерде чындыкка жетүүнү кааласак, анда бизге эл аралык аудит керек” деген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги. Депутат Исхак Масалиевдин өлкөнүн экс-президентин кол тийбестик укугунан ажыратуу тууралуу мыйзамды иштеп чыгуу тууралуу сунушу Жогорку Кеңеште 87 депутаттын колдоосун тапты. 14 эл өкүлү каршы деп добуш берди. Кийинчерээк Марат Аманкулов жаңылышып добуш бергенин билдирди. Жыйынтыгында, каршы болгондордун саны 15ке жогорулады. 11 депутат залда болгонуна карабай, добуш берген жок. Добуш берүүгө үңүлсөк... Каршы деп добуш берген 15 депутаттын 14ү КСДП фракциясынан. КСДП фракциясынын Жогорку Кеңеште 38 мандаты бар. Ал эми дагы бири “Ата Мекен” фракциясынан Сайдулла Нышанов.

Эске салсак, Масалиев алгачкы жолу бул тууралуу сунушун 10-майда көтөрүп чыккан. Эгерде Жогорку Кеңеш бул мыйзамды иштеп чыгып, аны кабыл ала турган болсо, анда Алмазбек Атамбаев экс-президент статусунан ажырап калышы ыктымал. Кол тийбестик укугунан ажыраган жагдайда кылмыш жоопкерчилигине тартууга да жол ачылат. Ошентип, процесске старт берилди...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан