2013-жылы Кыргызстандагы ГЭСтердин 8 гидроагрегаты толук оңдоодон өткөрүлөт

Быйыл өлкөдөгү ГЭСтердеги 8 гидроагрегат толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын орун басары Абдылда Исраилов билдирди. Айтымында, ГЭСтердин гидроагрегаттарын, жылуулук станцияларын, Бишкек, Ош  шаарларынын ЖЭБдерин оңдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 24 миллион сом бөлүнгөн. "ГЭСтердеги 8 гидроагрегаттын үчөөсүнүн оңдоо иштери аяктап калды. Токтогул ГЭСинде учурда оңдоо иштери жүрүп жатат, ал эми калган 4 агрегатты июль айында баштоого ниеттенүүдөбүз",- деди Исраилов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан