Кыргыз өкмөтү Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын 2015-жылы ишке киргизүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын орун басары Абдылда Исраилов кабарлады. Айтымында, экинчи агрегатты ишке киргизүү үчүн 100 миллион доллар керек. "Учурда өкмөт керектүү каражатты табууга аракет кылууда. Мамлекеттин бюджети чектелүү болгондуктан, балким, кредит алууга же инвестор тартууга туура келет. Биздин максат - экинчи агрегатты 2015-жылы толук ишке киргизүү",- деди Исраилов. Эске салсак, Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты 2010-жылы ишке киргизилип, бүгүнкү күндө суткасына 2 миллион кВт электр энергиясын иштеп чыгууда.