Эки өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, 15-майда Бишкек шаарынын эки тургуну милицияга бирдей арыз менен кайрылган. Алардын бири эртең менен саат 6:30дар чамасында белгисиз адам анын 17 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылганын айткан. Экинчиси анын да жашы жете элек кызына саат 6:00дөр чамасында белгисиз адам кол салып, зордуктоого аракет кылганын кабарлаган. Өспүрүм кыздарды зордуктоого аракет кылган адамдын болжол менен 20-25 жашта экендиги айтылган.
"Ыкчам-териштирүү амалдарынын натыйжасында Бишкек шаарынын 1991-жылы туулган Д.У. аттуу жараны кармалган. Сурак учурунда кылмышка шектүүнүн жанынан кастет табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 28 жана 129-беренелери (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Учурда айыпталуучу Биринчи Май райондук сотунун чечими менен убактылуу 2 айга камакка алынган.