Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы батирлердин биринен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-майда саат 16:45 чамасында Фатьянов көчөсүндөгү көп кабаттуу батирлердин биринин эшигин ӨКМнын кызматкерлери ачып берген. Ал эми батирдин ичинен 59 жаштагы Г.Э. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине тапшырылган.
Ал эми Бишкек ШИИББинен SUPER.KG порталына 59 жаштагы адам белгисиз себептерден улам каза болгонун билдиришти.