Аксыда катуу жааган жамгырдан улам суу көпүрөнү агызып кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда катуу жааган жамгырдан улам Сазык суусунан агып түшкөн суулар турак жайларга кирип, көпүрөнү агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Авлетим айыл аймагында 17-майда саат 18:30 чамасында Дейрес айылынын Талды-Булак участкасындагы Сазык суусунан агып түшкөн суул 1 турак үйдүн ичин, 1 турак үйдүн короосун каптаган. Ошондой эле Талды-Булак участкасындагы Куру-Таш сайынан келген суу Дейрес-Талды-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымындагы 17 кожолук пайдалануучу бетон шакекчелер менен курулган көпүрөнү агызып кеткен.

Мындан сырткары учурда жол каттамы токтогон. Убактылуу 500 метр аралыкта жайгашкан айланма жол аркылуу өтүп турары айтылат. Ошондой эле сел Дейрес айылындагы 12,41 гектар айдоо жерин баскан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан