Султан Раевдин "Маң" драмасы Астанадагы эл аралык фестивалга чакыруу алды

"Маң" драмасы эл аралык "Самгау" театралдык фестивалына катышат. Бул тууралуу драманын автору Султан Раев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль 10-июндан 16-июнга чейин Астана шаарында өтөт.

"Драма жакында Нарын академиялык театрынын жамааты тарабынан Нарын шаарында коюлган. Биз фестивалга катышуу үчүн спектаклдин видеосун толук тартып, Астанага эксперттик комиссияга жибергенбиз. Алар жакшы деген баа берип, катышууга жолдомо жибере турган болушту. Драма Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын негизинде жазылган. Окуянын өзөгү Казангаптын сөөгүн Эне-Бейитке көтөрүп бараткан табыттын алдында өтөт. Бул өтө символикалуу көрүнүш. Ал табыт алты жакка караган белгисиздиктин табыты. Окуя ушул табыттын алдында ар кандай кырдаалда чийеленет. Сөөк көтөргөндөрдүн сапарын поезддин үнү коштоп турат", - деп билдирди драматург.

Спектаклдин режиссёру - Жалил Мидинов. Ал эми драмада Нарын академиялык театрынын таланттуу актёр-актрисалары Темирлан Сманбеков, Анара Жолдошова, Жумабек Мадеминов жана башкалар роль жаратышкан.

Аталган драма Бишкек шаарында июнь айында көрүүчүлөргө тартууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан