Жалал-Абад шаарында ЖКнын депутаты Камчыбек Ташиевге "Ардактуу атуул" наамы берилди. Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев ага бул наамды тапшырып жатып: "Бул маселе жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча VII сессияда каралган. Депутаттардын колдоосу менен Жалал-Абад шаарынын "Ардактуу атуулу" наамын депутат Камчыбек Ташиевге тапшырып жатабыз",- деди ал.