Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 4 айында 1 тонна 367 килограмм баңгизаты кармалды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.
"2018-жылдын алгачкы 4 айында мыйзамсыз баңгизаттарын жүргүзүү боюнча 458 факты аныкталып, 1 тонна 367 килограмм баңгизаты алынган. Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүчтү эки эсеге көп десек болот. Анткени 2017-жылы 627 килограмм баңгизаты кармалган болчу. Ошондой эле мыйзамсыз баңгизатын жүргүзүү боюнча 3 уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Алардын арасында милиция кызматкерлери да бар", - деди Курсан Асанов.