Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 4 айында Ички иштер министрлигинин курамынан мыйзамсыз иш аракеттери үчүн 82 кызматкер бошотулган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.
“2018-жылдын алгачкы 4 айында 82 милиция кызматкери мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн кызмат ордунан бошотулган. Алар кылмыш иши козголгон адамдар, алардын арасында мыйзамсыз баңгизаты менен алектенген кылмыштуу топторго кошулуп иш алып баргандары да бар. Айрымдары жогорку офицердик курамдагы кызматкерлер болушкан. Андан сырткары 100 кызматкер кызматтык милдеттерин аткара албаганы үчүн жумуштан кетирилген. Бул кадамдар менен биз өзүбүздүн катарыбызды тазалап жатабыз десек болот”, - дейт Курсан Асанов.