Баткен облусундагы “Чечме”, “Кадамжай” чек ара өткөрүү бекеттери ачылды
22-июнда Баткен облусунун Кадамжай
районундагы “Чечме”, “Кадамжай” чек ара өткөрүү бекеттери ачылды. Чек ара
кызматынын маалыматына ылайык, аталган өткөрүү бекеттери 20-июнда чек арада
болгон жаңжалга байланыштуу жабылган. Белгилүү болгондой, учурда Кыргызстандын жана
Өзбекстандын укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Эске сала
кетсек, Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Марказ” чек ара тозотунда
20-июнда болжол менен саат 00:15те Өзбекстандын чек арачылары менен Баткен
облусунун Кадамжай районунун Сарыбай айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Бакыт
Тагаевдин ортосунда чыр чыгып, өзбек чек арачылары ок чыгарышып, Кыргызстандын
жараны көз жумган.