"Газпромнефть" компаниясынын "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясы жөнүндө эмнени билүү керек?

"Газпромнефть" компаниясынын "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясы жөнүндө эмнени билүү керек?

Эки адамга сонун саякатка билет утууну же жаңы Rеnаult Kаptur кроссовердин бактылуу ээси болууну каалап жатасызбы? Бул үчүн болгону унааңызга "Газпромнефттен" май куюп, "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын катышуучусу болуу керек.

Байгеге эмне коюлган?

Акция үч этаптан турат, ар бири 2 айга созулат - 20-апрелден 21-июнга чейин, 22-июндан 23-августка чейин жана 24-августтан 25-октябрга чейин. Ар бир этаптын бүтөрү менен катышуучулардын арасында төмөнкү байгелер ойнотулат:

- 5 сыналгы;

- 5 ноутбук;

- 10 спорттук велосипед (2018-жылы чыгарылган);

- 10 смартфон;

- 10 унаарегистратору (караңгыда көрсөтүү функциясы менен);

- фитнес-клубга 10 карта;

- унаанын аккумуляторун кубаттоочу 5 жабдуу;

- G-Drivе майын алуу үчүн 30 сертификат.

Биринчи жана экинчи этаптардын башкы байгеси - эки адамга дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө саякат.

Акциянын кульминациясы "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясы үчүн атайын өзгөчө дизайнда жасалган 2018-жылы чыккан Rеnаult Kаptur кроссовердин ойнотулушу болот. Бул унаа үчүн акциянын бардык катышуучулары ат салыша алат.

Акцияда жалпысынан 258 баалуу байге ойнотулат.

Акциянын катышуучусу болуу үчүн эмне кылуу керек

Акциянын катышуучусу болуу үчүн "Газпромнефть" май куюучу жайларынан унаага май куюп, ар бир 10 литр үчүн купондо мөөр бастырыш керек. G-Drivе майынын 10 литри үчүн эки мөөр коюлат. Май куюучу жайлардагы бензиндин бардык түрүн куюп акцияга катышса болот.

10 мөөр толтурулгандан кийин купонду скретч-картага алмаштыруу керек, андан соң анын кодун акциянын www.gpn-prоmо.kg сайтына же "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" мобилдик тиркемеде QR-кодду катташ керек.

Көп литр - көп мүмкүнчүлүк!

Канчалык көп скретч-карталарды каттатсаңыз, ошончолук баалуу белектерди утууга мүмкүнчүлүк көп болот. Байгелер радио аркылуу түз эфирде Random программасынын жардамы менен көз карандысыз комиссиянын катышуусунда ойнотулат. Оюндун так датасы, сааты жана жери тууралуу маалымат ар этаптын бүтөрүнө 2 жума калганда "Газпромнефть" май куюучу жайларында жайгаштырылат.

Акциянын жеңүүчүлөрү боюнча маалымат оюн өткөндөн кийин 5 күн ичинде "Газпромнефть" май куюучу жайларында, www.gpn-prоmо.kg сайтында, 5151 Кардарларды колдоо бирдиктүү кызматында жайгаштырылат.

"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы "Омск мунайды кайра иштетүүчү заводунан" чыккан Евро-5 экологиялык стандарттагы майларды сатат. "Газпромнефть-Омск НПЗ" - Орусиядагы эң жогорку технологиялык заводдордун бири жана дүйнөдөгү мунайды кайра иштетүүчү ири заводдордун катарына кирет.

«Газпромнефть» май куюучу жайлар тармагы – биз сапардагылар үчүн чоң иштерди жасайбыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2018-05-21 13:44:21
Ошондо газпром болок паркнёр болокпу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан