Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге "Эмгек баатыры" наамы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Анда өкмөт башчыга наам Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана өлкө эгемендүүлүгүн белгилөөгө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн берилгени айтылат.