Ала-Букада жолдон өтүп бараткан 3 жаштагы баланы унаа сүзүп, ал ооруканага жетпей каза болду

Ала-Бука районунда жеңил унаа 3 жашар баланы сүзүп, ал ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 6-май күнү саат 11:40тар чамасында болгон. Каза болгон наристе Ала-Бука районунун Сапалак-Сай айылынын тургуну болгон.

"Жол кырсыгы Ала-Бука-Жаңы-Базар унаа жолунун 1,5 чакырымында болгон. Анда Ош шаарынын тургуну 20 жаштагы айдоочу А.Б. өзүнүн Opel Zafira унаасын башкарып келе жатып жолдон өтүп бара жаткан 3 жашар баланы сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен наристе Ала-Бука аймактык ооруканасына жетпей каза болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aikokul14
2018-05-18 17:06:06
Үч жаштагы баланы апасы карабай каякта жүрөт,балээге калган эле айдоочу.
+5
gulu1991
2018-05-18 18:25:31
aikokul14,туура айтасын
0
Pamirlan
2018-05-19 03:34:53
Көзүнө карап айдаш керек да. Праваны сатып алышат да. Жакындарына сабыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан