17-майдан 18-майга караган түнү саат 12ден кийин Бишкектеги Махатма Ганди жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечитте өрт кырсыгы катталган. Өрттү өчүрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин 3 унаасы тартылган.
ӨКМнын билдиришинче, кырсык электр жабдыктарынан тиешелүү коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан улам чыккан. Өрт учурунда мечиттин чатырынын 1 миң 300 чарчы метри күйүп кеткен. Андан сырткары мечиттин экинчи кабатындагы ички жасалгасы, китептер жана техникалык жабдыктар күйгөн.
Күбөлөрдүн айтымында, бул мечитте кырсыктан саналуу мүнөттөр мурун эле тургундар таравих намазынан тарашкан. Аталган мечитке жүздөгөн адам келип намаз окуйт.