Өзгөндө 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алды

Өзгөндө 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ош облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 18-майда саат 15:00дөр чамасында Өзгөн районунун Лесхоз айылында катталган. Анда Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа жол жээгинде токтоп турган Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил унааны сүзгөн. Daewoo Matiz сүрүлүп алдында токтоп турган Honda Civic үлгүсүндөгү унаага урунган. Натыйжада Daewoo Matiz унаасынын ичинде отурган 4 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан