Ысык-Көлдө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 45 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 45 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-майда эртең менен Ак-Суу районунун Чолпон айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 45 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул факты боюнча 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кийин маркум аталган айылдагы эс алуучу жайлардын биринде жалданып иштеп жүргөнү белгилүү болгон.

Ошондой эле басма сөз кызматынан учурда кылмышкерди аныктоо аракети жүрүп, шектүүлөр суракка алынып жатканын да билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RaHat19
2018-05-19 21:34:31
таап жазасын бергиле 2 баласы жетим калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан