Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү унаа уурдап кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты. 2018-жылдын февраль айында Үч-Коргон айылынын тургуну 23 жаштагы Э.Б. аттуу жаран өзүнүн Дэу-Ланос үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз бирөө айдап качып кеткендигин билдирип милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү Кадамжай РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, автоунааны айылдын четиндеги талаадан табышкан.
Бишкек ШИИБинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарына ошол түнү изин жашыруу максатында качкан, мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМдин атайын тизмесинде турган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, Марказ айылынын 25 жаштагы Ш.З. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.