Ысык-Көл облусунун Түп районунда окуучулар мушташып, эки бала ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мушташ 18-майда, Түп айылынын 11-классынын окуучулары менен аталган айылга Жалпы республикалык тест тапшырганы келген башка айылдын окуучуларынын ортосунда чыккан.
"Түп айылына Кең-Суу жана Байзак айылдарынын 11-классынын окуучулары ЖРТ тапшырганы келишкен. Аталган айылдын окуучулары менен жергиликтүү окуучулардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, натыйжада мушташ чыккан. Мушташтан кийин 2 адам ооруканага түшкөн. Учурда бул окуяга байланыштуу Түп райондук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.