Мас абалында унаа айдап бара жатып жаш кызды тебелеп алган деп кармалган айдоочу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19 жаштагы К.К. аттуу кызды сүзүп алган Н.Н аттуу айдоочу соттун чечими менен 7-май күнү үй камагына чыгарылган.
Эске салсак, кырсык 14-апрелде саат 04:41де Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 25 жаштагы Н.Н. аттуу айдоочу 19 жаштагы кызды сүзүп, кыз алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Окуянын видеосу да таркаган. Наркологиялык экспертиза айдоочу мас абалында болгонун аныктаган. Сүзүп алган 25 жаштагы Н.Н. аттуу айдоочу 16-апрелде СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Кызды тебелеп кеткен унаанын айдоочусу ички иштер министринин мурдагы орун басары Нурбай Касымбаевдин уулу экени айтылган. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктоодон да, жокко чыгаруудан да баш тарткан.