Үч Кыргыз жараны жана 1 Кытай жараны Өзбекстандын тургунун сабап, эркиндигин чектөө менен кармап отурушкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 21-майда Ош ОИИБинин басма сөз кызматчысы Жеңишбек Ашырбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-майда "Достук" көзөмөл-өткөрүү постуна бара жаткан жолдо Өзбекстандын Андижан шаарынын 32 жаштагы И.Т. аттуу тургунун эки бейтааныш адам унаага салып белгисиз тарапка алып кеткен.
"16-майда кылмышка шектүүлөр аныкталып, шектүү катары 4 жаран кармалган. Алардын бири 44 жаштагы А.З. аттуу Кытай жараны болгон. Ошондой эле Өзгөн шаарынын Х.А. аттуу 37 жаштагы тургуну, Кара-Суу районун Отуз-Адыр аймагынын 26 жаштагы Р.Э. аттуу жашоочусу жана Ош шаарынын 25 жаштагы Э.А. аттуу тургуну кармалган.
Кылмышка шектүүлөр жабырлануучу моюнунан муунтуп, унаага күч менен салып, сабап, биринин батирине алып барып кармап отурушкан.
Шектүүлөр мындай кадамга жабырлануучу 4-5-жыл мурда Кытай жараны менен соода-сатык мамилелери боюнча өнбөгөн карызы үчүн ушундай өзүм билемдик кадамдарга барышкандыгын билдиришкен", - дейт Аширбаев.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык кылмыштын белгилерин көрсөтпөй, адамды зордоп кармап туруу менен басып жүрүү эркиндигин чектөө) менен кылмыш иши козголгон.