Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда сел жеңил унааны айдоочусу менен кошо агызып кетип, ал каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-майга караган түнү ата-бала бара жаткан Матиз үлгүсүндөгү унаа сайдан өтө албай тыгылып калган. Аны чыгарууга аракет кылып жатышканда сайдан сел жүрүп, экөөн тең унаа менен кошо агызып кеткен. 1998-жылы туулган Р.М. селге акканда жээкте калган, аны мал карап жүргөн адамдар куткарып калышкан. Ал эми анын атасы М.Э. аттуу 1965-жылы туулган унаанын айдоочусунун жансыз денеси кийин төмөн жактан селдин агындыларынын арасынан табылган.