Баткенде абактан чыкканына 10 күн боло элек 35 жаштагы адам тургундун 600 миң сомун унаасынан уурдап кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кадамжай районунун Жийделик айылында жергиликтүү тургундун токтоп турган Honda Accord үлгүсүндөгү унаасынын ичинен 600 миң сомун белгисиз адамдар уурдап кеткен.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышты жасоого шектелип, мурда 9 жолу соттолгон, кылмыш жасалардан 10 күн мурун абактан чыккан Талас облусунун тургуну 35 жаштагы К.Н. аттуу адам кармалган. Аны Талас шаарындагы бир батирде жашырынып жаткан жеринен кармашкан. Жанынан 8 огу менен тапанча да табылган. Сурак учурунда ал күнөөсүн толук моюнуна алды, учурда убактылуу кармоочу жайда кармалып турат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.