Түндө Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу 2 имараттан өрт чыкты

21-майдан 22-майга караган түнү Бишкек шаарындагы жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу 2 имараттан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, биринчи өрт тууралуу кабар 21-май күнү саат 21:40 чамасында келип түшкөн. Өрт өчүрүү кызматынан 3 бригада Аалы Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан жердеги курулуп жаткан көп кабаттуу имаратка келип, саат 22:30дар чамасында өрт курчоого алынган.

Саат 03:00дөр чамасында өрт өчүрүүчүлөргө 12-кичирайондогу курулуп жаткан көп кабаттуу курулуштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт өчүрүүчү 2 бригада тартылып, тилсиз жоо толук өчүрүлгөн.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.

Көп кабаттуу имараттын курулушунан өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан