Ошто саунанын ичинде көмүскө иштеп келген сойкукана аныкталды

Ош шаарында саунанын ичинде көмүскө иштеп келген сойкукана ачыкка чыкты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17-майда Ош шаарынын Жим кѳчѳсүнүн №1-үйүнүн жер тѳлѳсүндѳгү саунада сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жай уюштурган жаран кармалган. Ал өзүн каймана аты менен Жанна деп тааныштырган. Бирок териштирүү учурунда Кара-Суу районунда туулган 30 жаштагы Н.Б. болуп чыккан. Кармалган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жайларды уюштуруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылып жатат.

Мындан сырткары, Ош шаардык соту тарабынан 19-май күнү кылмышка шектүү Н.Б. үй камагына чыгарылганы айтылат кабарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Uragan07
2018-05-22 10:10:59
Ошто көп го открытый эле иштеп жаткан сойкуканалар.
+14
Batma08
2018-05-22 15:30:22
Uragan07,орозонун кунундо ушинтип а кудай сактааа
0
Mars575
2018-05-22 10:12:50
Доля бербей койсо керек да, а так сауна деген ошончо го
+15
OMURBEK.
2018-05-22 10:37:23
Иий ото чон иш жасаптыр орден берчу Жумуш жасашыптыр
+4
Dalil
2018-05-22 11:01:15
Ушуга окшогондорду НБ деп отурбай толук аты жөнүн жазып бажырайтып сүрөтүн да чыгаргыла. Кийинки ушундай иш жасагандар ойлонмок. Бир окуяны уккан элем. Илгери бир айылда уурулук тынбай болуп далайын сыздатыптыр. Бир күн ууру капысынан кармалып калыптыр. Ошондо ал ууруну ГАЗ-52 унаасынын бортуна байлап моюнуна ууру деп жазып алып айыл аралап баарына көргөзүп чыкканда уятына чыдабай үйүнө жетип өлүп калыптыр.
Ушуларды да ушинтип теледен элге көргөзүү керек кийинкилер кайталабас үчүн
+15
Malik92
2018-05-22 11:24:16
Айдан ачык эле иштеп жатпайбы толтура сойкуканалар. Ушуларга тыйуу салып, жазалаш керек деп какшап келебиз.
+6
Dembele84
2018-05-22 11:33:34
Сауна деген кайнайт Ошто,аларды эмнеге жаппайсынар?Комускосу жок эле ачык айкын иштеп журушот.Же булар крышасы барларбы?
+8
Tyty1990
2018-05-22 11:40:40
Бул сауна отметка кылбай койгон го. Болбосо ачыкка чыкпайт болчу
+8
fantomas
2018-05-22 12:33:29
Бул бийлик шоу кылганды жактырат окшойт, мына биз иштеп жатабыз деген тур корсотуп... Олкодо сауна, сойкуканалар ачык эле иштеп жатат. Милиция сойкуларды кармап кайра кое берип жатат, анткени аларды камоо боюнча мыйзам жок экен. Ошондо сойкуларды бугун кармап эртен кое бергенден эмне толк, кана жооп берчи Соке?!! Сойкулук менен курошсон нормальный курошпойсунбу?!! Болбосо мени кенешчи кылып жалда, мен сага эмне кылыш керектигин айтып турамын...
+3
urmat94
2018-05-22 13:09:24
Азаматсынар ушундай иштесенер званиясын которуш керек срочно ким аныктап чыкты экен а
+4
tnt_ostrof
2018-05-22 16:58:13
Анын эмнесин айтасынар. Ош базарындагы жол жабылгандан бери Рыскулова кочосу менен айланып отушот элдин баары. Ошол жактагы Кулиева кесилишиндеги шалтанбайларды жаап койгулачы бай болгурлар. Пробка мезгилинде даана шоунун баарын ошолор коюшат. Же кучунор жетпейби? Тиги донуздай болгон уч катын далай кыздын тагдырын талкалап жатпайбы? Каяктагы комусколорду карабай.
+2
Pamirlan
2018-05-22 17:35:45
Милиция лар канча айлык алат, арам акча менен кантип балдарын тойгузат экен
+2
killer5
2018-05-23 13:59:22
Кулиева кочосундо доля бергендер көп окшойт, уже жабылып кетиш керек эле, Президент поручение бермейинче - аларды калкалаганын токтотпойтко орган өкүлдөрү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан