Бишкекте эки баланы унаа сүзүп кетип, алар шаардык №3-балдар ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан бүгүн, 22-майда кабарланды.
Маалыматка караганда, кырсык 21-май күнү саат 16:00 чамасында Бишкек шаарынын "Дордой" базарына жакын жердеги айланма жолунда болгон.
Анда жолдон өтүп бараткан эки баланы МАН үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" унаасы келип балдарды Бишкек шаардык №3-ооруканасына алып кеткен.
Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.