Бишкекте каракчылык кылууну көздөгөндөр кармалды

Бишкек шаарында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө каракчылык кылууну көздөгөндөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-май күнү Тойота Карина үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Аны текшерүү учурунда ичинде 4 адам болгон. Аларды жеке текшерүүгө алганда, белгисиз үлгүдөгү тапанча, мээлей, бет кап, уюлдук телефон, зым жана башка буюмдар табылган.

"Шектүү катары 24 жатагы Э.Ы., 29 жаштагы Ж.М., 31 жаштагы М.А. жана 29 жаштагы Т.Э. кармалган. Алар сүйлөшүп алып, бирөөнүн акчасын тартып алуу үчүн кол салууга даярданып жатышканын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 27-168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azatbek.Svoboda.
2018-05-22 13:09:29
Арам тамак бок курсактар! Андан көрө ак мээнет менен иштесеңер болот эле! ХХХХХХ Түрмөдө чиритиш керек силерге окшогон бок курсактарды!
0
Zainidin96
2018-05-22 14:44:42
Зымдын емне кереги бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан