Абылгазиев "Центерранын" директоруна: "Кумтөр" коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеши керек"

Бүгүн, 22-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Центерра Голд Инк" компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган стратегиялык келишимге байланыштуу маселелерди талкуулады.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Центерра Голд Инк" компаниясынын активдеринин негизин түзгөн "Кумтөр" долбоорунун пайдасы менен ал дүйнө жүзүндөгү ири кен өндүрүүчү компаниялардын катарына кирерин белгиледи.

"Өкмөт өлкө экономикасындагы "Кумтөр" долбоорунун маанилүү ролун түшүнөт. Ошондой эле бул долбоор коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп турарын, буга байланыштуу тараптардын бардык сүйлөшүүлөрү жана кабыл алынган чечимдер ачык-айкын жана коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеши тийиш экендигин белгилей кетүү керек.

Биз "Центерра" компаниясынын жетекчилигинин "Кумтөр" долбоорун ачык башкаруу тутумун түзүү жана жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүү боюнча жасаган кадамдарын колдоого алабыз. Буга катар инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык өнөктөштүк маселелери боюнча белгилүү жыйынтыктарга жетишүү зарыл", - деп белгиледи Абылгазиев.

Өз кезегинде "Центерра Голд" компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри Кыргыз Республикасынын жана компаниянын Директорлор кеңешинин позициясын жакындатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан