"Талас облусунун Көк-Сай айылынын эли чек ара маселеси чечилбесе Казакстанга кеткен сууну буруп алышарын айтышууда" деди депутат Эсенгул Исаков

"Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын эли чек ара маселеси чечилбесе Казакстанга кеткен сууну буруп алышарын айтышууда”,- деди бүгүн, 24-июнда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Эсенгул Исаков. Айтымында, бул чек арада 2,6 миң гектар жер талашка түшүүдө. “Чек ара 2008-жылы такталган, бирок өкмөт бул маселени кайра көтөрүүдө. Жергиликтүү тургундар нааразы болушууда. Алар 7 күн ичинде чек ара такталбаса, сууну буруп алышарын айтышты. Бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлдү. 12 жыл ичинде чечилбеген маселе 7 күндө чечилбестигин түшүндүрүүгө аракет кылдык”,- деди эл өкүлү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан