ЭЛДИК КАБАР: Окурман Бишкектеги Калык Акиев, Киев көчөлөрүндөгү арык сапаттуу орнотулушуна ишенбей турганын билдирди
Окурман Бишкектеги Калык Акиев жана Киев көчөлөрүндөгү жол жээгине орнотулуп жаткан арык сапаттуу болушуна ишенбей турганын билдирди. Анын айтымында, учурда аталган көчөлөрдө арык орнотуу иштери жүрүп жатат.
"Бирок лотоктун жээктерине бетон куюлуп, жакшылап тапталган жок. Лоток менен бордюрдун ортосуна кара топуракты толтуруп, үстүн бетондоп жатышат. Суу тынымсыз аккан жерде бетон болбосо бат эле лоток чөгүп кетет", - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.